Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу 20-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. М.Ниязов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү керектигин, бул үчүн борбордук жана аймактык бийлик органдарынын алдында бир катар тапшырмалар турганын белгилеген.
Айта кетсек, М.Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына 2014-жылдын 2-июлунда дайындалган.