Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эркин Сакебаев борбор шаарга орнотулуп жаткан электр энергиясы боюнча "акылдуу" эсептегичтер туура эмес эсептеп жатканын шайлоочуларга шилтеме берүү менен билдирди. Абонент пайдаланган электр кубаты үчүн мурда төлөп келген сумма менен "акылдуу" эсептегич орнотулгандан кийинки суммада айырма чоң болуп жатканын айтат депутат. "Бир аксакал эски эсептегич менен "акылдуу эсептегичтин" айырмасы чоң болуп жатканын айтып арызданды. Ал буга чейин айына 400 сомдук свет колдонуп жаткан экен, жаңы эсептегич коюлгандан бери акчасы 1200 сомго чейин чыгып жатыптыр. Эмне үчүн мындай болот?"- деди Сакебаев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө.
Миңдеген "акылдуу" эсептегичтердин 10 чактысы гана мамлекеттик стандарттан текшерилерин кошумчалады депутат.