Абдырахман Маматалиев Коргоо министрлигинин планды аткаруусуна ыраазы

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 20-ноябрда күч түзүмдөрү тармагындагы министрликтер менен мекемелердин пландарынын аткарылышын текшерди. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев менен жолугушууда вице-премьер-министр пландын бардык пункту аткарылганын белгиледи. Мындан тышкары, Коргоо министрлиги менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу иштерин улантууну тапшырды. 
Маматалиев Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлеринин аскердик формаларын гана эмес, башка күч түзүмдөрүндө иштегендерди форма менен камсыздоо керектигин, аскердик курамда адам өлүмүнө жол бербөө зарылдыгын кошумчалады. 
Вице-премьер башка органдардын жетекчилеринин да маалыматын угуп, кемчиликтерди белгиледи жана жакшы иштерди мындан ары да улантуу тапшырмаларын бергенин бүгүн өкмөттөн билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан