Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: Быйыл 48 суучул атайын окуудан өттү

Кыргызстанда быйыл Бишкек - Торугарт, Бишкек - Эркеч-Там трассаларына 21 өрт-куткаруу түйүнү ачылды. Муну өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 20-ноябрда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен жолугушууда билдирди. Министрдин айтымында, аталган пункттардын жардамы менен 70 жаран түрдүү кырсыктардан куткарылды.
Өрт-куткаруу кызматынын кызматкерлерин системдүү окутуу жүрүп жатканын, быйыл 400 өрт-куткаруу кызматкери жана 48 суучул атайын окутуудан өткөнүн кошумчалады Боронов. Ал эми жарандык коргонуу боюнча айылдарда 7306 жаран окутуудан өткөн. 
Бороновдун маалыматын уккан Маматалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин жогору баалап, ушундай темпте иштөөнү тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан