Депутаттар үй кожойкелерин колдоо боюнча программа иштеп чыгууну сунушташты

Парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова үй кожойкелерин социалдык коргоого алуу зарылдыгын билдирди. Депутат бул жаатта өкмөт атайын программа иштеп чыгышы керек деген пикирде. "Алар негизинен үйдө отурушат, бала карайт, үй жумуштарын жасашат. Бирок социалдык жактан коргоого алынган эмес. Үй кожойкелерин колдоо боюнча өкмөт атайын программа иштеп чыгышы керек",- дейт депутат. Нарматова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга кам көрүүгө да жакшы көңүл бурулбай жатканын кошумчалады.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан