Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн, 20-ноябрда Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2014-жылдагы пландарынын аткарылышы боюнча, министр Калыкбек Султановдун отчётун укту. Жолугушууда аталган министрликтин 2015-жылкы пландары менен милдеттери да талкууланды. Диль учурда техникалык-экономикалык негиздемеси даяр турган автоунаа жолдорун куруу, темир жол байланышын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду карап чыгуу, алардын каржы булактарын табуу тапшырмасын берген. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.