Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына учуп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат. Оторбаев иш сапарында бир катар өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Мындан тышкары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухемедов менен да жолугушары күтүлүүдө.