Эльвира Сариева жогорку окуу жайларын оптимизациялоо зарыл экенин айтты

Кыргызстандагы мамлекеттик жогорку окуу жайларды оптимизациялоо зарыл. Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 20-ноябрда билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун 2014-жылкы иши боюнча отчётун угууда билдирди. Жолугушууда министр мониторинг жүргүзүлүп, өзүн өзү каржылоого өткөрүлө турган окуу жайлар аныкталганын айтты. Тийиштүү документ комиссиянын кароосунда экенин, бир айдын ичинде чечим өкмөткө киргизилерин кошумчалады. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Сариева өлкөдөгү жогорку окуу жайлар тармагын оптимизациялоо концепциясынын графигинен Билим берүү жана илим министрлиги артта калып кеткенин белгилеп, бул багыттагы иштерди жандантуу зарыл экенин билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан