Коомдук алдын алуу борборлорунун укуктук макамын аныктоо демилгеленүүдө

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатат. Сунушталып жаткан түзөтүүлөр жергиликтүү деңгээлдеги укук бузуулардын алдын алуу программасын ишке ашырууга, укук бузуулардын алдын алууда КААБдын каржылык жактан көз карандысыз субъект болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

КААБдын иш-аракетин иликтөө көрсөткөндөй, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга анын статусунун укуктук жактан аныкталбагандыгы, каржылык булактары жана өздүк балансынын жоктугу, ошондой эле КААБдын иш-аракетин жергиликтүү жана республикалык деңгээлде жетишсиз координациялоо сындуу бир катар жагдайлар тоскоолдук болууда.

Ошондон улам КААБдын коомдук коммерциялык эмес уюм катары укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуу максатында түзүлгөн статусун аныктоо сунуш кылынат. КААБдын координациялоо ишин азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде ийгиликтүү иштеп жаткан укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмелерине өткөрүп берүүнү сунуш кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан