Жогорку Кеңеш чет элдик жарандардын Кыргызстандан жер сатып алуусуна тыюу салчу мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутаттар чет элдик жарандардын Кыргызстандан жер сатып алуусуна тыюу салчу мыйзам долбоорун экинчи окууда четке какты.

Мыйзам долбооруна ылайык, Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү менен чет мамлекеттик жарандардын турак жай сатып алуу укугун чектөө каралган. Бул мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону көздөй турганы айтылган. Ошондой эле мыйзам долбоору менен турак жай маселесин жөнгө салууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тизмегинен чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды алууга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды алып салуу сунушталган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан