Парламент Ош – Баткен – Исфана жолун жаңылоо боюнча насыялык макулдашууну колдоду

Парламент депутаттары “Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана унаа жолун реконструкциялоо боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна депутаттар Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында добуш беришти. Мыйзам долбоорунун максаты - Кыргызстандын облустарынын жана кошуна мамлекеттердин ортосундагы транспорттук байланыштарды камсыздоо. 23,76 миллион долларлык макулдашуу долбоору Ош - Баткен - Исфана автожолун асфальттоого сарпталат. Насыя 2021-жылдан баштап 2038-жылга чейин жарым жылда бир жолудан төлөнүп турмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан