Данияр Тербишалиев: "ИИМде реформа болоруна жеткен оптимисттер эле ишенбесе, башка эч ким ишенбейт"

"Ички иштер министрлигинде реформа болоруна жеткен оптимисттер эле ишенбесе, башка эч ким ишенбейт". Муну депутат Данияр Терибшалиев Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында айтып чыкты. Коомдук алдын алуу борборлору Кыргызстанда баары бир иштебей турганын айтат депутат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылып: "Ички иштер министрлигинде реформа болот деп өтө эле оптимист адам ишенбесе, башка эч ким ишенбей калды. Көчөгө чыгып сурасаң, баары ишенбей турганын айтышат. Системди өзгөртмөйүнчө Коомдук алдын алуу борборлору иштебейт. Сиз айтыңызчы, реформа качан болот?"- деди депутат. 
Асанов учурда реформа жүргүзүү үчүн ИИМ 2 долбоор менен иштеп жатканын айтты. "Туура айтып жатасыз, биринчи системди өзгөртүү керек. Ал эми реформа кылуу үчүн "Коопсуз шаар" жана "Кылмыштарды электрондук каттоо" программасы менен иштеп жатабыз",- деди Асанов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан