Абдырахман Маматалиев: "Баңгизат көйгөйүн чечүүдө эч ким четте калбашы керек"

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында бүгүн, 20-ноябрда Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин экинчи жыйыны өттү.

"Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнүн саркындылары – биздин жалпы көйгөйүбүз жана ага карата өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Эч ким бул маселени чечүүдө четте калбашы керек",- деди Маматалиев. Буга байланыштуу быйыл январь айында өкмөттүн Баңгизатка каршы программасы кабыл алынганы, жакында премьер-министри тарабынан аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлганы жатканы айтылды.

“Көрсөтүлгөн документтердин негизги максаты - баңгизат фронтунда чечкиндүү күрөш жарыялоо жана республика аймагындагы баңгизатка байланыштуу абалды жөнгө келтирүү болуп саналат",- деди вице-премьер.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан