Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын жойбой, реформалоо керектигин бүгүн “Кыргызстанда илим жана билимди реформалоонун максаты жана келечеги” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир бол» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Марат Султанов билдирди. Иш-чара «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы жана Кыргызстандын ректорлор союзу тарабынан уюштурулду.
"Кыргызстан жаратылыш ресурстарына бай эмес, бирок адам ресурстары негизги капиталыбыз, бул байлыгыбыз азыркы заманда илим, билим жана инновациясыз эч нерсеге жарабайт",- деди парламентарий. Анын айтымында, мамлекеттин илимий тармагында көйгөйлөр көп, илим изилдөө-ачылыштар жагынан артта калган. Депутат илимдин бардык тармагына терең анализ жасалып, Илимдер академиясын реформалоо керектигин айтып, бул үчүн мамлекет тарабынан буйрутма болушу кажет экенин билдирди. Мамлекеттик буйрутманын негизинде жасалган илимий жетишкендиктер, ачылыштар мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, турмушка ашырылып, мамлекетке, коомго кызмат кылышы абзел. М.Султанов Кыргызстандагы тоо-кен, айыл чарба тармактарын илимий жактан өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.
Ал туризм чөйрөсүнө да токтолуп, окумуштуулар, академиктер тарыхый изилдөөлөрдүн негизинде Кыргызстандын жүзүн бренд катары таанытыш үчүн илимий иштерди жүргүзүп, өзүн көрсөтсө болорун айтты. Ал эми биздеги университеттердин жана жогорку окуу жайлардын дүйнө жүзүнөн келген студенттерге билим бере алчу даремети бар, аны ишке ашыруу илимдин жетишкендигисиз мүмкүн эмес.
Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана агартуу кызматкерлери мамлекетибиздин илим жана билим тармагынын азыркы абалына бушайман болгондугун жашырган жок. Алар дүйнөгө таанымал окумуштууларды жетиштирген, жогорку деңгээлдеги илимий изилдөөлөрү бар өлкөбүздүн илимий мекемелерин сактап калуу керектигин айтышты. Окумуштуулар Улуттук илимдер академиясынын институттарын жана жогорку окуу жайлардын илимий бөлүмдөрүн терең анализдеп чыгууну сунушташты. КМШ мамлекеттериндеги тажрыйбалар көрсөткөндөй, Илимдер академиясынын реформасы мындай жогорку илимий мекемелер сакталып жана кайрадан жаңыча жаралганын айтып өтүштү.
Тегерек столдун катышуучулары докладдарды угуп, талкуудан кийин резолюция кабыл алышты. Кыргызстандагы илим жана билим тармагын реформалоо боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке жана министрлер кабинетине жөнөтүштү.