Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы аймактагы тергөөчүлөргө жана адвокаттарга семинар өткөрдү. Семинар Кыргызстандын "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамынын Нарын облусунда ишке ашышы, "КРнын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамдары, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндө министрликтердин, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө нускаманын талаптары боюнча өткөрүлдү. Юстиция министрлиги "иш-чара кызуу талкуу жана көптөгөн суроолорго берилген толук жооптор менен аяктады" деп билдирет.