Кыргызстанда майда мамлекеттик сыйлыктарды жоюу сунушталууда

Бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик сыйлыктардын статусун жогорулатууга жана анын ыйгарылуу тартибин өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, сыйлыктардын тизмегин кыскартуу максатында "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген сындуу тармактык наамдарды жоюп, баарынын башын бириктирген "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери" деген гана бир наамды белгилөө сунушталып жатат. Ал эми "КРнын Эл жазуучусу", "КРнын Эл акыны", "КРнын Эл артисти" деген наамдар калтырылат.

Андан сырткары жаңы долбоордо чет өлкөлүк юридикалык жактарды да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. Анда “Советтер Союзунун Баатыры" жана "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын статусуна теңдештирилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан