Исмаил Исаков мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартууга каршы

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков мамлекеттик сыйлыктардын санын кыскартууга каршы. Мындай пикирин депутат парламенттин 20-ноябрдагы жыйынында сыйлыктарды азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди. Айтымында, мамлекеттик кызматкерлер сыйлыкка жетүүгө умтулуп иштегени туура. "Рыноктук шартта эки гана жол бар: жарандар бизнес менен алектениши керек же өмүр бою мамлекеттик кызматта таза иштеп, кадыр-баркка жетүүсү зарыл. Анан тармактагы наамдарды кыскартып салсак, мамлекеттик кызматкерлерде умтулуу болбой калат",- дейт депутат. 
Айта кетсек, парламентте каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу" деген сындуу тармактык наамдарды жоюп, баарынын башын бириктирген "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери" деген гана бир наамды белгилөө сунушталып жатат. Ал эми "КРнын Эл жазуучусу", "КРнын Эл акыны", "КРнын Эл артисти" деген наамдар калтырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан