2014-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражат 43 миллиард 463,2 миллион сомду түздү. Чыгымдар өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 11 миллиард 367,2 миллион сомго өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, республикалык бюджеттен социалдык чөйрөгө бөлүнгөн чыгашалар төмөнкүдөй:
- социалдык коргоого – өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард 529,1 миллион сомго көбөйүү менен 18 миллиард 972,4 миллион сом;
- билим берүүгө – өткөн жылга салыштырмалуу 8 миллиард 336,9 миллион сомго көбөйүү менен 14 миллиард 491,3 миллион сом;
- саламаттык сактоого – өткөн жылга салыштырмалуу 87,4 миллион сомго көбөйүү менен 8 миллиард 137,7 миллион сом;
- эс алууга, маданиятка жана динге – өткөн жылга салыштырмалуу 413,8 миллион сомго көбөйүү менен 1 миллиард 861,8 миллион сом.