Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы бүгүн, 21-ноябрдагы жыйынында Ички иштер министрлигинин кылмыштуулук менен күрөшүү маселесин талкуулайт. Депутаттардын суроолоруна ички иштер министри Мелис Турганбаев жооп берет. Андан сырткары фракция жыйын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорун карайт.