АКШнын Конгресси Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматына учурда Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси
Памела Спратлендин талапкерлигин
жактырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 19-20-ноябрда Конгресс анын талапкерлигин талкуулап, талапкерди жактырууну кабыл алган.
Айта кетсек, Памела Леора Спратлен 2011-жылдан тарта АКШнын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу кызматында иштеп келет. Буга чейин ал Орусия, Казакстанда кызмат кылгандыгы белгилүү.