"Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» документке кол койду. Бул тууралуу 21-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-октябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты - БУУнун тынчтыкты колдоо миссияларына катышуу үчүн милиция кызматкерлерин КРнын аймагынын чегинен тышкары жөнөтүү тартибин аныктоо укугун кыргыз өкмөтүнө ыйгарууну мыйзам менен бекитүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан