Жоголгон жазык ишин калыбына келтирүү боюнча тийиштүү мыйзамга толуктоолор киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 15-октябрында кабыл алынган мыйзамдын максаты КРнын Жазык-процесстик кодексинин жоболорун өркүндөтүү жана кылмыш ишин териштирүү сапатын камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам тергөөчүнү тергөө аяктаган этапта тергөө аяктагандыгы тууралуу токтомдун ордуна айыптоо корутундусун түзүүгө милдеттендирет.

Ошону менен бирге мыйзамда жазык процессинин сотко чейинки стадиясына төмөндөгү механизмдерди киргизүү каралат:

- конкреттүү негиздердин тизмесин тактоо менен кылмыш тууралуу арыздарды жана маалыматтарды тергөөчү жана прокурор тарабынан кароонун мөөнөтүн узартуу;

- жоголгон жазык ишин калыбына келтирүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 21-ноябрда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан