Жогорку Кеңештин депутаттары Япониядагы кыргызстандыктар менен жолугушушту

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Японияда кыргызстандык студенттер, магистранттар, япон компанияларындагы кызматкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда төрага өлкө жетекчилигинин мамлекеттүүлүктү чыңдоо, экономиканы өнүктүрүү, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча негизги милдеттери менен максаттарына кыскача токтолду.

Япониядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү мамлекет турмушундагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча өздөрүнүн көз караштарын билдиришти. Эл өкүлдөрү бийликтин бардык бутактары өлкөдө туруктуулукту бекемдөө жана анын өнүгүшү үчүн бекем пайдубал түзүүдө бир максатты көздөп жатканын белгилешти. “Кыргызстан жаңы форматтагы кадрларга, жаңы идеяларга муктаж. Интеллектуалдык инвестиция – мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи. Биз сиздерге чоң үмүт артабыз”,- дешти депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан