13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты
Урмат Аманбаеванын мүлкү анын “коррупция” беренеси боюнча кылмышка шектелгендигине байланыштуу арестке алынганы
белгилүү болгон. Башкы прокуратура арестке эмне алынгандыгы боюнча
SUPER.KG порталына маалымат берди.
Маалыматка караганда, депутаттын азыркы тапта Ош шаарында жана Ош облусунда болгон гана кыймылсыз мүлкү арестке алынды. Алар:
– коммерциялык багыттагы кичи маркет жана мейманкана жайгашкан 2213 чарчы метр жер тилкеси;
– кафе жана 2 кабаттуу мейманкана жайгашкан 163 чарчы метр жер тилкеси;
– ден соолукту чыңдоочу комплекс (ичинде жабык бассейни жана жыл бою иштеген муз аянтчасы менен) жайгашкан 9815 чарчы метр жер тилкеси;
– дагы бир ден соолукту чыңдоочу комплекс жайгашкан 450 чарчы метр жер тилкеси.
Мындан тышкары күйөө баласына катталган 227 чарчы метр үй, жанында 600 чарчы метр жер тилкеси, кыздарына жазылган 44 чарчы метр батир, 54 чарчы метр жер тилке жана коммерциялык багыттагы 73 чарчы метр жер тилке (бул жерде курулуш жүрүп жаткан).
Учурда Башкы прокуратура Аманбаеванын башка облустардагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн арестке алуу боюнча иштеп жатат.
Айта кетсек, азыркы тапта депутат Аманбаеванын жоон ичегисине операция жасалып, реабилитациялык ооруканада дарыланууда. Ал Бишкекте, КРнын Президенттин Иш башкармалыгынын атайын ооруканасында жатат. 18-ноябрь күнү белгилүү болгондой, Башкы прокуратуранын иликтөөчүлөрү Аманбаеванын буга чейин көрсөтмө бербегендигине байланыштуу сурак алуу максатында ооруканага барышкан, бирок депутат сөз сүйлөөдөн баш тарткан. У.Аманбаеванын адвокаты Нургазы Садыков: “Урмат айым, мыйзам боюнча, сурак берүүдөн баш тартса болот, ал милдеттүү эмес”,- деген. Ошондой эле адвокаттын айтуусунда, депутат айым ооруканада дагы жок дегенде 15 күндөй болот, бул учурда ал эч кандай тергөө иштерине катышпайт.