Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин кеңейтилген отурумунда башка өлкөлөрдөгү "түстүү революциялар" Орусияда орун албашы үчүн экстремизмдин алдын алууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Орусиянын президентинин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүнкү күнү дүйнөдө экстремизм геосаясаттын жана таасир этүүчү чөйрөнү бөлүштүрүүнүн куралы катары колдонулуп жатат. "Түстүү революциялар" кандай кайгылуу жыйынтыктарды алып келгендигине күбө болуп жатабыз. Биз үчүн бул окуялар сабак жана эскертүү болуп саналат. Ошондуктан Орусияда мындайдын болбошуна бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек",- деди президент.
Мындан тышкары ал экстремизмдин алдын алууда укук коргоо түзүмдөрү гана эмес, бийликтин бардык өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик мекемелер жана диний уюмдар иш жүргүзүүсү керек экендигин баса белгиледи.
Айта кетсек, Грузияда 2003-жылы болгон "Розалар революциясы", Кыргызстанда 2005-жылдагы "Жоогазын революциясы", Украинада 2004-жылы өткөн "Сары революция" жана 2013-2014-жылдардагы Евромайдан, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерде орун алган нааразылык акциялары жана ыңкылаптар "түстүү революциялар" болуп саналат.