Жоомарт Оторбаев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө КМШнын өкмөт башчылары талкууга алынып чыккан 19 маселени карап, КМШга мүчө өлкөлөр аралык интеграциялык процесстердин абалы жана аны тереңдетүүгө тийиштүү маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, "Эркин соода аймагы жөнүндө келишим" жоболорун ишке ашыруунун жүрүшү, 2015-2016-жылдарга карата гуманитардык кызматташуу жаатындагы келечектүү иш-чаралардын планы, мунай жана мунай продуктулары рыногундагы атаандаштык жана баанын түзүлүш абалы жөнүндө, абадан коргонууга каршы бирдиктүү тутумду түзүү жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле жыйын катышуучулары 2013-жылга карата КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинин аткарылышы, КМШга мүчө өлкөлөрдүн үлүштүк төлөм көлөмүн КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине өзгөртүү, 2015-жылга карата Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджетин пландаштыруу маселесин талкуулашты. Буга катар өкмөт башчылары бир катар илим иликтөө уюмдарына тынчтык максаттагы атом энергиясын пайдалануу тармагындагы адистерди даярдап чыгуу, кесиптик жактан кайрадан даярдап чыгуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга мүчө өлкөлөрдүн базалык уюм макамын берүү тууралуу чечимин колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан