Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыркка жакын жоокердин дареги такталганы айтылды

Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыркка жакын жоокердин дареги такталды. Муну Каныбек Мырзаканов бүгүн, 21-ноябрда “Парламент” радиосуна берген маегинде айтканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал өз сөзүндө: “Согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө акциясы башталгандан бери андагы каза тапкан кыркка жакын жоокердин коюлган жерлери табылды”,- деди.  

Буга чейинки издөө иштерине спикер Асылбек Жээнбеков, депутат Турсунбай Бакир уулу материалдык колдоо бергенин айткан Мырзаканов Германия, Румыния, Польша, Болгария сыяктуу мамлекеттерге дагы байланышка чыгып, издөө иштерин улантууга Коргоо министрлиги жардам берсе жакшы болорун кошумчалады.

Айта кетсек, Чүй облусундагы Кант шаарынын тургуну Каныбек Мырзаканов үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте демилге көтөрүп, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган, дайынсыз жоголгон жоокерлерди издеп табуу иштерин колго алып, соопчулук иштерин жүргүзүп келүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан