КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директорлук кызматка Султан Жумагуловду шайлады. Кечээ, 23-ноябрь күнү Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорлук кызматка талапкерлерди жашыруун добуш берүү аркылуу тандашкан. Жыйынтыгында Жумагулов 12 добуш алуу менен атаандаштарынан озуп чыккан.
Директорлук кызматка ат салышкандардын арасында Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаевдер бар болчу.
Айта кетсек, август айында КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевдин кызматтан кетүү боюнча арызын Байкоочу кеңеш канааттандырган. Андан соң бул кеңеш өз отурумунда С.Жумагуловду директордун милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлаган. Султан Жумагулов буга чейин "Азаттык" радиосунун жана ЭлТР телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.