Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
Угууда чет өлкөлүк агенттерге юридикалык жактарды түзбөстөн коомдук бирикмелер, фонддор жана мекемелер формасында коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө тыюу салуу талкууланат. Жыйынга депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык эксперттер катышат.