Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети эртең, 25-ноябрда билим берүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угуу өткөрөт.
Анда билим берүү жаатындагы көйгөйлөр талкууга алынат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мектеп мугалимдери катышмакчы.