Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 23-октябрында кабыл алынган. 

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп эсептелет.

Мыйзамда мамлекеттик чек аранын режимин бузуу, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу, чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө үчүн салынуучу администрациялык айыптардын өлчөмү жогорулатылган.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди: 

- 389-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу) жарандарга администрациялык айыптын чектелген өлчөмү отуз эсептик көрсөткүчкө көбөйтүлүп белгиленет (жыйырмага чейинки азыркы өлчөмдүн ордуна), кызмат адамдарына администрациялык айыптын чектелген өлчөмү элүү эсептик көрсөткүчтө көбөйтүлүп белгиленет (азыркы элүүгө чейинки өлчөмдүн ордуна);

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка иштерди жүргүзүү тартибин бузушу үчүн жоопкерчилик аныктаган 389-беренесинин 2-бөлүгү "кызмат адамдары" деген сөз менен толукталат жана жаңы редакцияда жарандарга жыйырма эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактарга төрт жүз эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салуу каралат (азыркы редакцияда: жарандарга эскертүү же бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет);

- 389-беренесинин 3-бөлүгүндө ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер кайталанып жасалгандыгы үчүн жарандарга отуз эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына эки жүз эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүчтө администрациялык айыпты салууну камтыган санкция өзгөрүлөт (азыркы редакцияда: ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет).

- 389-1-беренесинде (Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу) жана 389-2-беренесинде (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) чектелген администрациялык айып отуз эсептик көрсөткүчкө көбөйтүлүп белгиленет (ондон жыйырмага чейинки азыркы өлчөмдөрдүн ордуна);

- 389-3-беренесинин 1-бөлүгүндө (Чек ара кызматынын аскер кызматчысынын талаптарына баш ийбөө) чектелген администрациялык айып жыйырма эсептик көрсөткүчкө көбөйтүлүп белгиленет (азыркы бештен онго чейинки өлчөмдүн ордуна), ал эми ушул берененин 2-бөлүгүндө отуз эсептик көрсөткүчтө чектелген администрациялык айып белгиленген (азыркы ондон жыйырмага чейинки өлчөмдүн ордуна). Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан