Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги астында 22-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу илимди реформалоо боюнча иштиктүү топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын учурунда иштиктүү топтун илимди башкаруу моделдери, илимди каржылык камсыздоону талдоо, кадрдык мүмкүндүктү жогорулатуу боюнча иштеп чыгуулары тартууланды.
Талкуунун негизги темасы катары Кыргыз Республикасындагы илимдин маңызы жана келечегин аныктоо маселеси көтөрүлдү. Иштиктүү топтун мүчөлөрүнүн пикири боюнча, илимдин келечеги өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программалардын багыттары менен тыгыз байланышта болуусу керек.
Талкуунун жүрүшүндө илимий иликтөөгө карата мамлекеттик буйрутма аткаруучуларын тандоодо ачык-айкындуулук болуусу керектигине басым жасалды.
Илимди реформалоо боюнча иштиктүү топ кеңешмесинин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Илимди реформалоо боюнча концепция иретинде тартууланат.