Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль 22-ноябрда Борбор Азиядагы Герман экономика биримдигинин төрагасы Йорг Хетч менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестиция тартуу жана вице-премьер-министрдин Германия Федеративдик Республикасына боло турган иш сапарынын жүрүшүндө немис ишкерлерине долбоорлорду сабаттуу тартуулоо маселеси талкууланды.
Өзгөчө көңүл экономиканын энергетикалык тамагына бурулган жана 2015-жылга карата бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.