Өкмөт башчы Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн чыгымдарын ушул айдын ичинде эсептеп чыгууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 22-ноябрда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Кубатбек Боронов өкмөт башчыга үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында 7 жана 4 баллдык эки ирет жер силкинүүсү орун алган Ысык-Көл облусунун түштүгүндөгү аймакты иликтөө натыйжалары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде премьер-министр билдиргендей, Ысык-Көл облусундагы жер силкинүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча маселени ал жеке көзөмөлүнө алган. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев өзгөчө кырдаалдар министрине аймакты иликтөө, турак жайларды, чарба жүргүзүү субъектилерин жана жер силкинүүдөн түшкөн зыянды эсептеп чыгуу иштерин айдын соңуна чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Андан соң өкмөт башчы өкмөт аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тез арада жер силкинүүдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан