Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоору калктын жана малдын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, малдын асылдуулугун жана азыктуулугун жогорулатуу, мамлекеттик ветеринария кызматынын так аныкталган башкаруу байланышын түзүү максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору коррупцияга каршы күрөшүүнү шарттап, менчик ветеринарияны өнүктүрүүгө жол ачат.