Бүгүн, 24-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өтүүдө.
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылар долбоору жөнүндө маселелер каралат. Ошондой эле жеткиликтүү турак жай жана турак жайды ипотекалык насыялоону өнүктүрүү программасынын долбоору, Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941-1945-ж.ж.) Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер талкууга коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.