«Биринчи баскыч боюнча 19 мыйзам долбоору каралган, анын 16сы Жогорку Кеңешке киргизилип, экөө токтотулган. Учурда өкмөттүн 18 токтомун киргизүү каралган, анын 8и кабыл алынып, 10у кабыл алуу алдында турат. Экинчи баскыч боюнча өкмөттүн 12 мыйзам долбоору жана 10 чечими каралган. Бүгүнкү өкмөт жыйынынын кароосуна 8 мыйзам долбоору киргизилет»,- деди.
Ошондой эле белгиленгендей, киргизилген мыйзам долбоорлору өкмөттүн расмий веб-сайтында коомдук талкуу процедурасынан өткөрүлгөн.
"Бардык мыйзам долбоорлору нормативдик-укуктук базаны Бажы биримдиги регламенти менен ылайык келтирүү иретинде киргизилүүдө",- деди Данил Ибраев.
Өз кезегинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдиргендей, өкмөт тараптан өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча чоң иштер жасалды.
«Нормативдик-укуктук базаны ылайык келтирүү боюнча бардык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата жыйынтыкталышы керек. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтүүчү Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында биз Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз»,- деп белгиледи өкмөт башчы.