Бүгүн, 24-ноябрда Улуттук филармонияда Кыргыз ССРинин Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, академик Аалы Токомбаевдин 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда акындын чыгармачылыгын чагылдырган "Аалыке" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан соң сахнага маданият министри Алтынбек Максүтов чыгып куттуктап, иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды.
“Аалы Токомбаев чыгармачылыгы менен гана алектенбестен, Кыргыз ССРинин депутаты болууга да жетишкен. Ал өзүнүн эбегейсиз эмгектери менен чет элдик окурмандардын назарын да бура алган жана бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Акындын 110 жылдык мааракеси кут болсун!”- деди министр.
Ошондой эле ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиев куттуктоо сөздөрү менен чыгып, буларды айтты: “Менин бала кезим Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта өттү. Азыр өзүм профессормун, а бирок бала кезимде алгачкы жолу профессор деген сөздү ушул акындын ыр саптарынан уккан элем”. Ошондой эле ал Токомбаев биринчилерден болуп Ташкенттеги Орто Азия Коммунисттик университетин бүтүргөнүн, биринчилерден болуп ыр китебин жарыялап, биринчилерден болуп “Эркин-Тоо” гезитинин редакторлук кызматын өтөгөнүн айтты.
"Жаңыдан жарала баштаган профессионал жазма адабиятыбызга жаңы адабий жанрларды биринчилерден болуп киргизүүгө аракеттенген. Биринчилерден болуп “Чабуул” журналын негиздеген. Кыргыздын жаңы жазма адабиятынын тарыхында 1933-жылы биринчи жолу А.Токомбаевдин чыгармачылык ишинин 10 жылдык юбилейи өкмөт жана жалпы эл тарабынан салтанаттуу түрдө белгиленген. Кыргызстандын жазуучуларынын биринчи съездинде мазмундуу баяндама жасап, Жазуучулар союзунун биринчи төрагасы болуп шайланган. Кыргыз жазуучуларынын ичинен алгачкылардан болуп адабият теориясынын маселелерине кайрылып, аларды өзүнүн калемдештерине туура түшүндүрүп берүүгө аракеттенген. Ошондой эле 1936-жылы кыргыз тилин мамлекеттик тил деп Конституциябызга киргизүүнү сунуш кылган. Демек, Аалы Токомбаев кыргыз адабиятынын "атасы" десек эч жаңылышпайбыз”,- дейт К.Осмоналиев.
Белгилүү болгондой, А.Токомбаев бир катар орус жана дүйнөлүк чыгармаларды кыргыз тилине которгон. Акындын алгачкы ыры 1924-жылы алгачкы кыргыз гезити “Эркин-Тоонун” биринчи санына чыккан болчу. Анын туңгуч чыгармалар жыйнагы 1927-жылы “Ленин тууралуу” деген ат менен Ташкенттен басылган. 1930-жылдары “Эмгек гүлү”, “Атака”, “Абалкы ырлар” деген жыйнактары жарык көргөн.
Иш-чарага акындын чөбөрөсү, жакындары жана достору, коомдук өкүлдөр, ошондой эле Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана кесиптик окуу жайлардын студенттери катышты. Салтанат атайын даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.