«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

25-ноябрда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» документке кол койду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 22-октябрында кабыл алынган мыйзам жарыялангандан күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү болуп саналат. Ушул максатта кабыл алынган мыйзамда "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдын 24-беренесине юридикалык жакты түзгөн камсыздандыруучулар 100 000 (жүз миң) сомдон ашык суммага эсептелген камсыздандыруу салымдарын юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине которуу менен гана төлөшөт" деген милдеттүү талапты белгилеген өзгөртүү киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан