Таласта Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча юстиция башкармалыгы жыйын өткөрдү

Талас облустук юстиция башкармалыгы "Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча мыйзамды ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен кайтарым байланыш" деген темада жыйын өткөрдү. Муну бүгүн, 26-ноябрда Юстиция министрлиги билдирди. Талас облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Жайлообаев мамлекеттин эсебинен көрсөтүлчү юридикалык жардам тууралуу катышуучуларга түшүндүрмө берди. Мындан тышкары мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча жактоочуларга эмгек акы төлөп берүү, жактоочулардын, тергөөчүлөрдүн шектүү жаранды кармоодогу, тергөө маалындагы жана соттун бардык инстанцияларындагы милдеттери тууралуу маалымат берилди.
Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам боюнча Талас облусунда координатор болуп иштеген Нуркалый Сөлпиев кармалган жаранга же айыпталуучуга адвокат жалдоонун тартиби тууралуу маалымат бергени айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан