Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан башка өлкөлөр менен карым-катышты өнүктүрүү үчүн биримдиктеги өлкөлөрдөн уруксат сурайт

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстан башка өлкөлөр менен соода, экономикалык карым-катышты өнүктүрүү үчүн биримдиктеги өлкөлөрдөн уруксат сурайт. Муну парламенттин 26-ноябрдагы жыйынында экономика министринин орун басары Данил Ибраев билдирди. "Башка өлкөлөр менен келишим түзүп, иштешсек болот. Эгерде ал келишимдер Бажы союзундагы тарифтерге, техникалык регламентке таасир этчү болсо, анда Кыргызстан Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдөн макулдук алышы керек",- деди министрдин орун басары. 
Жыйында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтому 2-окууда каралууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан