Адамкул Жунусов: "Бажы союзуна кирбей калсак, бажы алымдарынан 44 миллиард сом жыйналат"

Кыргызстан Бажы биримдигине кирбей калса, 2015-жылы өлкөдө бажы алымдарынан 44 миллиард сом жыйноо пландалууда. Муну парламенттин 26-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Адамкул Жунусов билдирди. Анын айтымында, өлкө Бажы биримдигине кирсе, бажы алымдарынан канча акча түшөрүн так айтуу кыйын. "Азырынча бизге (Кыргызстанга) бажы алымдарынан түшкөн акчалардын канча пайызы тиери белгисиз. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок азыркы болжолдоолордон аз болбойт, көбөйүшү мүмкүн",- деди Жунусов. 
Маалыматка таянсак, Кыргызстан аталган союзга кирсе, бажы алымдарынан болжол менен 11-12 миллиард сом жыйналары айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан