Тайырбек Сарпашев: "Бажы союзу канча убакытка чейин жашаары белгисиз"

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бажы биримдиги канча убакытка чейин жашай турганы белгисиз экенин билдирди. Анын айтымында, биримдиктин алдын ала тагдырын так айтуу мүмкүн эмес. "Бир гана нерсени айта алам, Бажы биримдиги барган сайын күчөйт, курамына башка өлкөлөр да кошулат. Мунун арты менен биримдик канатын кенен жаят. Бажы союзу мынча жыл жашайт деп айта албайм. Эгер биримдикке кирбей калсак, Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөр бизге чек арасын жаап, абалыбыз улам оорлошо берет",- деди Сарпашев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан