Бажы союзу: Кыргызстанда товарлардын 60 пайызы кымбаттайт

Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанда товарлардын 60 пайызы кымбаттайт. Муну парламенттин 26-ноябрдагы жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов билдирди. Анын айтымында, баалары арзандай турган да товарлар болот. "Бардык эле товарларга баа кымбаттабайт, Бажы союзуна киргенден кийин айрым товарлар арзандайт. Бирок көбүнчө азык-түлүк кымбаттайт",- дейт Жунусов. Экономика министринин орун басары Данил Ибраев Кыргызстан аталган союзга киргенден кийин "Кыргызстанда жасалган" деген этикетка менен Орусия, Казакстанга товар экспорттоо токтой турганын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан