Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-31-январдагы Малайзияга болгон иш сапарында аталган өлкөнүн премьер-министри Наджиб Тун Абдул Разак жана Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Малайзиядагы ЖОЖдордо акысыз жана контракттык негизде билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү сунушу айтылды. Мындай сунуш аталган өлкөнүн премьер-министри тарабынан айтылды. Ошондой эле тараптардын ортосунда эмгек тажрыйбалары менен алмашуу, билим берүү, туризм, айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.