Депутаттар чыкканына 7 жылдан ашкан унааларды техникалык кароодон өткөрүүгө каршы чыгышууда

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы отурумунда чыгарылганына 7 жылдан ашкан Кыргызстандагы автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору каралууда. Жыйында депутат Сайдулла Нышанов бул аракет кайрадан элдин нааразычылыгын жаратарын айтып, сунушка каршы чыкты. “Элдин баарын кыйынчылыкка алып келебиз. Бул коррупцияны күчөтөт”,- деди депутат. Кыргызстанда унаалардын 90 пайызы эски экенин айткан депутат Абдыманап Кутушев: “Техникалык кароодон өткөргөн ишкана жеке менчикке өтүп кеткен. Өкмөт ошол ишкананын рыногун түзүп берүү үчүн сунуш кылып жатат”,- деп билдирди. Экономика министринин орун басары Данил Ибраев бул мыйзам долбоору өлкөдөгү эски унаалардын санын кыскартууга багытталарын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан