Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жабыркагандардын турак жайын калыбына келтирүү үчүн декабрда 50 миллион сом ссуда берилет. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 26-ноябрда Бишкекте гуманитардык жүк жөнөтүү иш-чарасында билдирди. "Бактыга жараша, жер титирөөдөн жарандар жабыркаган жок, адам өлүмүнөн сактап калууга мүмкүнчүлүк болду. Алар учурда жардамга абдан муктаж. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыска убакытта жабыркаган үйлөрдүн санын тактоого жетишти. 50 миллион сом табылды, бул акча ссуда түрүндө берилет",- деди өкмөт жетекчиси.