Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан 5 мыйзам долбоорунан турган кезектеги топтом үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Алар:
- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- “Ветеринария жөнүндө” мыйзамдын долбоору.