Озон катмарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун парламент 3-окууда добуш берүүгө жиберди

Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында "Озон катмарын коргоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Долбоор атмосферанын озон катмарын коргоо жаатында Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин компетенциясына байланышкан жоболорду жаңылоо бөлүгүндөгү Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча аткарыла турган иш-чараларга карата иштелип чыккан. 

Озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу, озонду бузуучу химиялык заттар камтылган продукцияларды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстанга ташып кирүү үчүн корутундуларды берүү тартибин жана шарттарын белгилөө жагы да каралган. 

Мыйзам долбоорун парламент 3-окууда добуш берүүгө жиберди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан