Депутаттар Бажы биримдигине байланышкан дагы 8 мыйзам долбоорун добуш берүүгө жиберишти

Жогорку Кеңеш 26-ноябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланышкан мыйзам долбоорлорунун топтомун карап, дагы 8 мыйзам долбоорунан турган кезектеги топтомду үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Бул мыйзамдарды Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат. Алар:

- "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”;

- “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө”;

- “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу”;

- “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

- “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу”;

- “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу”;

- “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан